МСКнын башчысы: ЭТТК бардык товарлар үчүн колдонулбайт
Электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагаздары бардык товарлар үчүн колдонулбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин 23-декабрдагы жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
ЭТТК мунай заттары, тамеки буюмдары, алкоголдук ичимдиктер, дары-дармек жана медициналык буюмдар үчүн гана колдонулат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
