Муктаж эмес жарандарга жөлөкпул чегерилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголду
Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан баштап 2024-жылдын май айына чейинки мезгил ичинде иш жүзүндө муктаж эмес 47 жаранга жөлөкпулдарды мыйзамсыз чегеришкендиги аныкталган.
Натыйжада, жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпы 1 млн 323 миң 400 сомдук зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө органы тарабынан тергелүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/