Лондондун ICE биржасында Brent мунайынын декабрь фьючерстеринин баасы баррелине 75,07 долларга түшүп, 5,02% төмөндөдү. Ошол эле учурда WTI мунайынын фьючерстери 4,32%га арзандап, бир баррелине 71,54 долларга жеткен.

9-октябрда Кытайдын Өнүгүү жана реформалар боюнча улуттук комиссиясынын маалымат жыйынында экономиканы стимулдаштыруу боюнча кошумча чаралар жарыяланбагандан кийин мунайдын баррели 77 долларга чейин арзандап кеткен. Бул Пекинден чечкиндүү кадамдарды күткөн инвесторлор арасында белгисиздик атмосферасын жаратты.
Мунай рыногу Жакынкы Чыгыштагы окуяларга сезимтал бойдон калууда. Соодагерлер кырдаалдын мүмкүн болуучу курчушун, анын ичинде ракеталык чабуулдан кийин Израилдин Иранга каршы өч алуусун күтүшүүдө, бул дагы баанын өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн.
Сүрөт: Pixabay.com/Skitterphoto