Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсуповдун 2024-жылдын жыйынтыктары боюнча шаардык муниципалдык ипотекалык ишкананысынын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.
Жыйында Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык ишкананын башчысы Утарбек Арстанкулов 2024-жылы аткарылган жумуштар жана 2025-жылга карата пландалган иштер боюнча маалымат берди.
Маалыматка караганда, ишкана тарабынан муниципалдык ипотекалык программа боюнча Достук кичи районундагы №83/25 көчөсүндөгү 90 батирлик жана Курманжан Датка №121 көчөсүндөгү 80 батирлик көп кабаттуу үй пайдаланууга берилген.
Учурда ишкана тарабынан жалпы 14 объектте, 3 муниципалдык ипотекалык жана 11 үлүштүк курулуш программасы боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Жалпы 1052 батирге келишимдер түзүлдү.
2025-жылга карата муниципалдык ипотекалык жана үлүштүк ипотека шартында 5 көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берүү пландалууда. Анын ичинен Көкүм-Бий жана Краснофлотская көчөлөрүндө курулуп жаткан 2 көп кабаттуу үй муниципалдык ипотекалык, Тилеке-Баатыр, Набережная жана Ашимахунов көчөлөрүндө салынып жаткан 3 көп кабаттуу үй үлүштүк программасы боюнча пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.
Андан сырткары 408 батирден турган Ош шаарынын Т.Турсунбаева көчөсүнүн №28 дарегинде курулуп жаткан турак-жай комплексин 2025-жылдын 4-кварталында колдонууга берүү боюнча иш алып барылууда.
Ошону менен бирге жарандардын төлөө мүмкүнчүлүгүн эске алып, үлүштүк шартта батирлер үчүн төлөө шарттарын жеңилдетүү, объекттерди каржылоону турукташтыруу максатында “Айыл Банк” ААКу менен биргеликте иш алып барылып, 2024-жылдын 22-августунда үлүштүк курулуш программасынын алкагында курулуп жаткан турак үйлөрдүн курулушун каржылоо тууралуу кызматташтык келишимине кол коюлган.
Жалпысынан үлүштүк программасы боюнча 2025-27-жылдары 3018 батирди пайдаланууга берүү пландаштырылууда.
Ишкананын ишмердүүлүгүн санариптештирүү максатында https://oshmip.kg/ санариптик порталы иштелип чыгып, колдонууга берилди. Портал “ТҮНДҮК” мекемелер аралык өз ара аракеттенүү тутумуна кошулуп, тиешелүү маалыматтарды мамлекеттик мекеме-ишканалардан алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылган.
Ош шаарынын тургундары муниципалдык ипотекалык программанын алкагында батир алууга кезекке туруу үчүн мекеме-ишканалардан документ чогултуп убара болбостон порталдын жардамы менен суроо-талап жиберип, зарыл болгон маалыматтарды алганга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Жарандарга смс-билдирүүлөр аркылуу кабар берүү, алардын маалыматтарын санариптик форматта сактоо мүмкүнчүлүгү дагы бар.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/