Нарын облусунда 2024-жылы 90 ишкана ачылган – ИА Караван Инфо
Нарын облусунда 2024-жылы 90 ишкана ачылган

Нарын облусунда 2024-жылы өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багыттында 90 чакан ишкана ачылган. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жалпы 1 миң 237 жаңы жумушчу орду түзүлдү.

“2023-жылга салыштырмалуу 22 ишканага жана 70 жумуш ордуна көп түзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Анын ичинде Ат-Башы эл аралык логистикалык борборундагы «Нарын мото» заводу ишке кирип ,алгачкы продукцияларын өндүрүп жатат. Курулуш тетиктерин, темир-бетон, нан чыгаруучу, этти, сүттү кайра иштетүүчү ишканалар ачылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: