Нарын облусунда бөбөктөрдүн бала бакчага тартылуусу 83% түздү – ИА Караван Инфо
Нарын облусунда бөбөктөрдүн бала бакчага тартылуусу 83% түздү

Нарын облусунда жалпы 2 жаштан 5 жашка чейинки 21 миң 165 бала бар. Алардын 17 745 – 83% бала бакчаларга барат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Алардын ичинен 13 895 бала 146 (10 саатык) бала бакчага  тартылган.  10 саатык бала бакчалардын, орто мектептердин жана китепканалардын базасында “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында жана китепканалардын, орто мектептердин базасында  102 кошумча 3 сааттык тайпалар ачылып анда 2299 бала тарбияланат. Андан тышкары “Өкмөттүк акселератор” программасы менен 4 үй тибиндеги бала бакчалар ачылып, ага 75 бала тартылган.

Мындан сырткары, Өкмөттүн тескемесин аткарууга алып, бала бакчаларда кошумча тайпаларды ачуу иштери жүргүзүлдү. Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүүгө 1-этабында тандалган 55 бала бакчада 79 кошумча тайпа ачылып ага 1476 балдар кошумча тартылды.

2024-жылы облустун аймагында 4 бала бакча ишке берилди. Алардын 2 жаңы бала бакча. Тактап айтканда, Нарын шаарында республикалык бюджеттен 120 орундуу жаңы 1 бала бакча курулду, Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылында АРИС аркылуу жаңы 75 орундуу 1 бала бакча курулду.

Ал эми Кочкор районунун Туз айылында көп жылдан бери үлүштүк түрткү берүүчү гранттын негизинде жеке ишкер тарабынан курулуп, бирок иштебей келген 60 орундуу 1 бала бакча, Ара-Көл айылындагы мектеп жаңы салынганына байланыштуу мурунку мектептин имараты оңдоп түзөөдөн өтүп 60 орундуу бала бакча болуп ишке берилди. Акыркы аталган бала бакчалар айыл өкмөттүн алдындагы муниципалдык бала бакча болуп ачылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: