Нарын облусунун Нарын башкы суу чарба башкармалыгынын имаратында бүгүн Фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Борбордун ишмердүүлүгү аймактагы фермерлерге сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.
Борбордун негизги максаты – жергиликтүү фермерлерге бардык керектүү кызматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.
Мында фермерлер агрардык кеңеш алуу, айыл чарба техникаларын ижарага алуу, үрөн жана жер семирткичтер тууралуу маалымат, өндүргөн продукцияны каякка сатуу, асыл тукум мал чарбачылыгы ж.б көптөгөн көптөгөн кызматтар жөнүндө маалымат ала алышат.
Белгилей кетсек, буга чейин Фермерлерди тейлөө борбору Бишкек, Каракол шаарлары, Сузак, Кара-Суу жана Айтматов райондорунда иш алып барууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
