Нарын облусунда кайрымдуулук акциясы өттү – ИА Караван Инфо
Нарын облусунда кайрымдуулук акциясы өттү

Нарын облусунда кайрымдуулук акциясы өттү, деп кабарлайт президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, түркиялык демөөрчүлөр кезектеги кайрымдуулук иштерине көмөк көрсөтүп, облустагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, жарым жана томолой жетим балдарга жылуу кийимдерди жиберишкен. 

184 куртка жана ошончо сандагы бут кийим, 80 комплект топу, шарф жана кол каптар жер-жерлерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына таратылды. 

Акциянын максаты — катаал шарттагы аймактарда жашаган жана экономикалык же социалдык факторлордун таасири менен кыйын абалда калган балдарга жардам көрсөтүү. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: