Нарын шаарында эки LED экран иштеп баштады
Нарын шаарынын 64 аймагына орнотулган LED экрандар иштеп, коммерциялык багытта жана маалымат таратууда колдонула баштады.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, узундугу 5, туурасы 2 метрди жана узундугу 8, туурасы 4 метрди түзгөн 2 LED экран бюджеттен тышкаркы каражаттын эсебинен алынып коюлуп, иштей баштады.
Ушундай эле LED экрандарды шаардын башка аймактарына 2025-жыл ичинде алып коюу пландалууда.
“LED экрандар шаардын инфраструктурасын жакшыртып, көрнөк-жарнактарды санариптештирет”, – деп айтылат билдирүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/