Нарында географиялык маалыматтык системаларды ишке киргизүү пландалууда – ИА Караван Инфо
Нарында географиялык маалыматтык системаларды ишке киргизүү пландалууда

«Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу» программасынын алкагында географиялык маалыматтык системаларды (ГМС) Нарын шаарында ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү: географиялык маалымат системасын түзүү” улуттук программасына ылайык пилоттук түрдө Нарын шаарында ишке ашыруу белгиленип, тийиштүү аракеттер көрүлүүдө.

Нарын шаарынын географиялык маалыматтык системасын түзүү боюнча кеңешме уюштурулуп, долбоорду ишке ашырууда колдонууга ыңгайлуу платформалар муниципалдык мекемелердин жетекчилерине тааныштырылды.

Долбоорду пайдалануу менен кандай жетишкендиктер жаралаары түшүндүрүлүп муниципалитеттин мүлкүнүн баардык түрүн санарип башкарууга алуу менен ишти жеңилдетүү жаралаарын адистер белгилешип, атайын иш алып баруучу адистерди даярдоо үчүн окууларды өткөрүү пландалгандыгын айтышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: