Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү Кел-Суу көлүнүн коопсуздук эрежелери текшерилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар аталган өрөөндүн Көк-Кыя тилкесинде иштеп жаткан “Медер Ютком” туристтерди тосуучу мейманкана ээсине өрт коопсуздугу, экологиялык техникалык эрежелери, айлана-чөйрөнү, суу ресурстарын коргоо, көлдү таза кармоону түшүндүрүштү.
Ошондой эле Кел-Суу көлүндөгү муз үстүнө күйүүчү май тамбагандыгы, резина калдыктары калбагандыгы, ошондой эле экологияга жана айлана-чөйрөдө терс таасир тийбегендиги аныкталган.
Комиссия мүчөлөрү Кел-Суу көлүнө унаалардын кирүүсүнө, муз бетинде унаа айдоого тыюу салып, толук көзөмөлгө алынарын чечишти.
Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү интернет булактарында муз үстүндө коопсуздук эрежелерин сактабастан, унаа айдаган видео тараган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/