Ноокатта уурулуктун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү
Ноокат районунун аймагында бүгүн, 9-январда уурулуктун алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, анда кызматкерлер коомдук жайларда, эл көп топтолгон аймактарда, жарандарга, соода түйүндөрдүн ээлерине жана түнкүсүн көчөлөрдө өз алдынча жүргөн өспүрүмдөрдүн ата-энелерине уурулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, дүкөндөргө видеокөзөмөл орнотуу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Аны менен катар райондун борборунда жол унаа тыгындарын жөнгө салуу, болтурбоо максатында рейддик иш чара өткөрүлдү.
Иш-чара ИИМдин укук бузуулардын алдын алуу боюнча эки айлык иш-мерчеминин алкагында уюштурулду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/