Ноокен районунда жаңы заманбап вакцина сактоочу кампа ишке киргизилди, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жаңы кампа вакциналарды +2°Cден +8°Cге чейинки оптималдуу температурада сактоону камсыздайт.
Вакциналар облустук кампадан жеткирилип, район ичиндеги медициналык мекемелерге таркатылып турат.
бул долбоор Ноокен райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашып, жалпы 3 млн. 923 миң 198 сом акча каражат сарпталган. Анын ичинен 3 млн. 523 миң 198 сом фонд тарабынан бөлүнсө, 400 миң сом Ноокен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөлдөө борборунун өздүк салымына туура келди.
Ноокен районунун калкынын саны 171 275ке жетип, өсүп жаткандыктан, вакцина сактоо шарттарын жакшыртуу зарылдыгы пайда болгон.
2024-жылдын майында Республикалык иммунопрофилактика борбору тарабынан “Муздатуучу бөлмө” бөлүнүп орнотулуп, мындан сырткары, 5 “жылуу” жана 5 тоңдуруучу жабдуулар менен камсыздалды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/