ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 11-февралы – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын стандарттары жана сапат боюнча башкармалыгы Фарах чек ара өтмөгү аркылуу Иранга 19,5 тонна сапатсыз курулуш материалдары кайтарылганын билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, жүк улуттук стандарттарга жооп берген эмес жана техникалык кароодон өткөндөн кийин кайра жөнөтүлгөн.
Администрация мындай чаралар ички рынокту коргоого жана керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыз кылууга багытталганын билдирди.
Ошондой эле, өлкөнүн бардык чек ара пункттарында импорттолгон товарлардын сапатын көзөмөлдөө улана берери жана сапатсыз же зыяндуу болушу мүмкүн болгон продукцияларды импорттоого жол берилбей турганы баса белгиленет.
Буга чейин бул түзүм Улуттук стандарттар боюнча башкармалык деп аталып келген, бирок быйыл ал Стандарттар жана сапат боюнча башкармалык деп өзгөртүлдү.
Сүрөт: Alibaba
