ООО «Merit Chemicals» Кыргызстандын рыногуна кызыгуу көрсөтүп – ИА Караван Инфо
ООО «Merit Chemicals» Кыргызстандын рыногуна кызыгуу көрсөтүп

2025-жылдын 23-январында Ташкент облусунун Ангрен шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү «Merit Chemicals» ЖЧК компаниясынын өндүрүштүк процесси менен таанышты.

«Merit Chemicals» ЖЧКсы ар кандай тармактарда колдонулуучу химиялык чийки затты жана даяр өнүмдөрдү чыгарууга адистешкен.

Өнүмдөрдүн негизги түрлөрүнүн арасында:

Жолугушуу учурунда Соода өкүлчүлүгү «Merit Chemicals» ЖЧКсы менен кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашуу долбоорун ишке ашыруу боюнча демилге көтөрдү. Компаниянын жетекчилиги бул багытта кызматташууга даяр экенин билдирди, бул Кыргызстандагы өндүрүшкө заманбап технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле компаниянын жетекчилиги Кыргызстандын рыногуна кызыгуу көрсөтүп, ишкананын Кыргызстанда филиалын же өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды талкуулоону улантууну макулдашышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: