Орто-Сай базарын тартипке келтируу: таштандыларды сорттоочу пункт ачылды – ИА Караван Инфо
Орто-Сай базарын тартипке келтируу: таштандыларды сорттоочу пункт ачылды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Орто-Сай базарынын аймагын жакшыртуу жана тартипке келтирүү иштеринин алкагында “Тазалык” муниципалдык ишканасы таштанды таштоочу жайларды жаңылоодо.

Ошентип, Орто-Сай базарынын аймагындагы Безымянная көчөсүндөгү катуу тиричилик таштандыларын сорттоочу пункт иштей баштады.

Таштандыларды сорттоочу эко-аянтча санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен курулган.

Эми базардан чыккан таштандыларды атайын адис иргейт жана ага бардык шарттары бар өзүнчө бөлмө даярдалды.

Жалпы аянты 70 чарчы метр, 10 контейнер, бир видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Борбордук байланыш системалары кошулган: суу, канализация жана электр энергиясы.

Таштанды контейнерлери жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жерге, чатырдын астына коюлду.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында базардын аймагында дагы бир ушундай пункт курулуп жатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: