Ош облусунда жер титирөө катталды – ИА Караван Инфо
Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы. 

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматы боюнча, жер титирөө бүгүн, 9-январда саат 11:32де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Ноокат районунун Ноокат, Чапаев айылдарында 3 баллга (Чапаев айылынан 3 чакырым батышта, Фрунзе айылынан 3 чакырым чыгышта, Ноокат айылынан 5 чакырым түндүк батышта, Ош шаарынан 32 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: