Ош ш. борборундагы 74 млн сомдук мейманкана мамлекеттин балансына кайтарылды – ИА Караван Инфо
Ош ш. борборундагы 74 млн сомдук мейманкана мамлекеттин балансына кайтарылды

ИИМдин КИББнын кызматкерлери мамлекеттик менчиктеги объектилерди мыйзамсыз чыгарып кетүү жана жеке менчикке өткөрүп берүү фактысын аныкташты. 

2004-2007-жылдар аралыгында Ош шаарынын борборунда жайгашкан мурдагы бала бакчанын имараты мэриянын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануунун натыйжасында жеке менчикке мыйзамсыз берилген.

Аталган имарат көптөн бери мейманкана катары колдонулуп келет.  Мамлекеттик мүлк мыйзамсыз менчиктелгенден кийин мунун баары жеке материалдык пайда табуу максатында иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп келген. 

Мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке оор зыян келтирилген. 

Аталган факты боюнча КР ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы жана тергөө кызматынын аракети менен жогорудагы баасы 74 600 000 сомдон ашкан үч кабаттуу мейманкана мамлекеттин балансына кайтарылып, кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: