Ош шаары Франция менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт – ИА Караван Инфо
Ош шаары Франция менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Бүгүн Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Файдын жолугушуусу өттү.

Жолугушууда тараптар экономика, туризм, маданият, билим берүү, экология, жылуулук берүү багытында өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкө ортосунда студенттердин тажрыйба алмашуу программаларын иштеп чыгуу маселелери боюнча сүйлөшүлдү.

Соңунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашылды.

error: