Бүгүн Ош шаарынын прокуратурасы тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.
Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, жолугушууга Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Ош шаарынын прокурорунун орун басары Болот Мырзахматов жана көзөмөл органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда катышуучуларга укук коргоо органдары жана салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн эрежелери жана тартиби жөнүндө маалыматтар берилди.
Ошондой эле, Башкы прокуратура тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо үчүн «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемеси ишке киргизилгендиги тууралуу айтылды.
Жалпысынан жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана көзөмөлдөөчү органдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүдө орун алган маселелер боюнча ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты.