Ош шаарынын мэри Ахматбек Сүюмбаев атындагы стадионду көрдү – ИА Караван Инфо
Ош шаарынын мэри Ахматбек Сүюмбаев атындагы стадионду көрдү

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев стадиондо жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү жана футболчулар үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Шаар башчысы тарабынан оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу жана мөөнөтүндө бүткөрүү талаптары коюлду.

Мэр ийгиликтүү ата мекендик футболчуларга көңүл бурулуп жатканын белгилеп, Ош шаарында футболду өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын, ошол эле учурда «Алай» футбол клубу алдыдагы сезондо мыкты көрсөткүчтөргө жетишээрине ишеничин билдирди.

Белгилей кетсек, быйылкы жылга стадиондогу чуркоо аянтын заманбап резинаны төшөө, ЛЭД-экранды орнотуу жана жаңы даараткананы куруу пландалган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: