ОшМУ: университетте беш  профессионалдык клуб, спорттун 16 түрүнөн 22 секция иш алып барат – ИА Караван Инфо
ОшМУ: университетте беш  профессионалдык клуб, спорттун 16 түрүнөн 22 секция иш алып барат

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайда дене тарбия багытында иш алып барган кафедралар, структуралар, окутуучулар жана машыктыруучулар менен жолугушту.

Жыйында университетте дене тарбия жана спорт тармагын жайылтуу жана аны өнүктүрүү багытында түзүлгөн спорттук клубдун жобосу тууралуу сөз болду. Клуб окуу жайдагы бардык спорттук иш-чараларды эффективдүү башкаруу, координациялоо боюнча иш алып барат. Мындан сырткары окуу жай жетекчиси бардык спорттун түрлөрү боюнча алдыда жасалчу иш аракеттер, дене тарбия сабактарынын жүрүшү, мугалимдин илимий ишмердүүлүгүнүн аныкталышы боюнча пикирин айтты.   

«Спорттун бир нече түрү боюнча кесиптик клубдарды түзүп, келечекте республикадагы, эл аралык деңгээлдеги чон спорттогу ийгиликтерди жаратабыз деген амбициялуу пландарыбыз бар. Ошол пландарды ишке ашыруу үчүн ар бир окутуучу салым кошуусу зарыл», – деди ректор.   

 Жолугушууда спортту өнүктүрүүгө салым кошкон окутуучуларга, спортчуларга ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Учурда университетте беш  профессионалдык клуб, спорттун 16 түрүнөн 22 секция иш алып барат. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: