ОшМУнун Бизнес паркы жылдын мыктысы аталды – ИА Караван Инфо
ОшМУнун Бизнес паркы жылдын мыктысы аталды

VIZITKA MAGAZINE AWARDS тандоосу менен ОшМУнун Бизнес паркы «2024-жылдын эң мыкты бизнес-инкубатору» аталды. Сыйлык окуу жайга стартаптарды жана жаш ишкерлерди колдоо багытында жасап жаткан ийгиликтүү иш аракети үчүн берилди. 

Ал эми Бизнес парктын резиденти болгон GTech компаниясы «2024-жылдын эң мыкты IT-компаниясы» деп табылды. Мекеме санариптик индустриянын өнүгүүсүнө жана инновацияларды жайылтууга салым кошуп келет. Муну менен компания өлкөнүн IT секторунун өсүшүнө таасирин тийгизүүдө.

Бизнес парктын стартапери Бермет Нурмухаммедовага кесипкөйлүгү жана ийгиликтүү маркетингдик стратегиялары  үчүн «2024-жылдын эң мыкты маркетологу» наамы берилди. 

Иш-чарага Кыргызстандын бизнес жана IT тармагындагы алдыңкы өкүлдөрү катышты. Жылдын мыкты компаниялары жана адистери сыйланышты.

VIZITKA MAGAZINE AWARDS 2024 сыйлыгы жетишкендиктерди таануу гана эмес, Кыргызстандын бизнес коомчулугунун өнүгүүсүнө салым кошкон шыктандыруучу аянтча болуп саналат. Журнал жыл сайын ишкердик менен технологиялардын өнүгүшүнө салым кошкон мекемелерди жана адистерди аныктайт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: