Ошто «B» сертификатына машыктыруучулардын курсу жыйынтыкталды – ИА Караван Инфо
Ошто «B» сертификатына машыктыруучулардын курсу жыйынтыкталды

Ош облусундагы Асылбек Момунов атындагы футбол академиясында 31-январда КФБнын машыктыруучулар үчүн «B» лицензиясына курсу жыйынтыкталды.

Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашкандай, окутуунун жыйынтыктоочу – 3-модулу 27-31-январь күндөрү өттү.

Окутууга 18 машыктыруучу катышып, Анарбек Ормомбеков, Светлана Кашуба негизги инструкторлук милетти аткарышты.

Курстун модулдары бир нече теориялык жана практикалык сабактарды камтыды. Окуу аяктагандан соң, материалды жакшы өздөштүрүп, сынакты ийгиликтүү тапшырган машыктыруучулар Азия футбол конфдерациясынын «В» категориясындагы сертификаттарына ээ болушту.

«В» лицензиясы машыктыруучуларга 14-18 жаштагы балдар жана өспүрүмдөр командаларын тарбиялоо укугун берет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: