Ошто баасы 500 млн. сом болгон жер тилкеси мамлекетке кайтарылды – ИА Караван Инфо
Ошто баасы 500 млн. сом болгон жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ош облусунда баасы 500 млн. сомдон ашуун аянты 32 га болгон жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо(адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан, жеке турак жай курууга трансформацияланган баасы 500 млн.сомдон ашык 32 га жер тилкеси акысыз негизде өткөрүлүп берилди.

Учурда КР УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чараларды улантууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: