Ошто бир үй-бүлө иске ууланып, беш жаштагы бала каза болду – ИА Караван Инфо
Ошто бир үй-бүлө иске ууланып, беш жаштагы бала каза болду

Ошто келин беш баласы менен иске ууланып, беш жаштагы баласы каза болду. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, окуя 1-февралда Ош шаарынын Амир-Темир көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон. Милицияга саат 12:00дө кабар түшкөн.

“33 жаштагы келип 3 кызы жана эки балсы менен Ош шаардык жана Ош облустук балдар аралык ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, 2020-жылы туулган М.М. баланы сактап калууга мүмкүн болгон жок. Балдардын апасы жана калган балдары дарыланууда”, – деп айтылат маалыматта. 

Окуя Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына катталып, тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүрүүдө. 

Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына ылайык үй-бүлө көмүр газына ууланган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: