Эсептөө палатасынын башкы мамлекеттик инспектору 5000 АКШ доллар пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, 2025-жылдын 1-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Т.А.А. аттуу инспектору көрсөтүлгөн сумманы алуу учурунда кармалды.
Тактап айтканда, 2024-жылдын 6-декабрынан азыркы учурга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын инспекторлору тарабынан Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү.
Мындан улам, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын инспекторлор тобунун жетекчиси Т.А.А. Ош шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринде текшерүүнүн мөөнөтүн негизсиз создуктуруп, укукка каршы иш-аракеттер аркылуу, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим чыгаруу максатында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган.
Кармалган жаран КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/