Ошто эт азыктарын чыгаруучу цех ачылды – ИА Караван Инфо
Ошто эт азыктарын чыгаруучу цех ачылды

Ош шаарында эт азыктарын чыгаруучу цех ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жаңы заманбап ишкана эң жогорку сапаттагы эт азыктарын чыгарып,шаар тургундарын жаңы жумуш орундары менен камсыздайт.

Ишкананын жетекчилиги тарабынан конокторго өндүрүштүн этаптары жөнүндө кыскача айтып берилип, даяр продукцияны чыгаруучу жабдуулар көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Ош шаары жана Ош облусун регионалдык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында курулган ишканада 60 жумуш орду түзүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: