Ошто кампадан ири өрт чыкты
Ош шаарынын Турсунбаев көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жерине жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана дрон тартылган.
Тилсиз жоо саат 09:26да чектөөгө алынып, саат 12:20да толугу менен өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 420 чарчы метрди түздү. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/