Ошто Санкт-Петербург шаары тууралуу сүрөт көргөзмөсү ачылды
Бүгүн Алымбек датка этно борборунда Санкт-Петербург жана Ош шаарынын ортосундагы боордоштук мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата Санкт-Петербург шаарынын кооз жайларын, туристтик дараметин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү өттү.
Көргөзмөнүн ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра баштаган делегация, маданият ишмерлери, мугалимдер, окуучулар, студенттер катышты.
Көргөзмө Ош шаарынын тургундарын Санкт-Петербург шаарынын кооз, туристтик жайлары менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
Көргөзмө 3 күнгө созулат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/