Оштогу шаардык аймактык башкармалыктарга жаңы техникалар тапшырылды – ИА Караван Инфо
Оштогу шаардык аймактык башкармалыктарга жаңы техникалар тапшырылды

Ош шаарынын борбордук аянтында бүгүн, 27-январда демөөрчүлөр тарабынан алынып, шаар балансына өткөрүлүп берилген жаңы атайын техникаларды тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Тапшыруу аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Шаар мэри жергиликтүү бюджет бекитилген соң чарбалык тейлөө үчүн дагы кошумча жаңы техникалар алынаарын билдирип, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына 1 портер, МАБтарга 9 лабо тапшырып берди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: