Оштун мэри экономикалык багытта иш алып барган мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолукту – ИА Караван Инфо
Оштун мэри экономикалык багытта иш алып барган мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолукту

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүнЮ 24-январда экономикалык багытта иш алып барган мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдииршти. 

Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө шаар башчысы 2024-жылга карата салыктарды жыйноо боюнча салык кызматынын жана муниципалдык бюджет түзүүчү мекемелердин жетекчилеринин маалыматтарын укту.

Жеңишбек Токторбаев эң негизги максат – экономикалык блокту өнүктүрүүгө, бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин белгилеп, төмөнкү талаптарды койду:

• жергиликтүү бюджетке салык төлөгөн коммерциялык объектилердин так санын аныктоо үчүн рейддик текшерүүлөрдү өткөрүү;

• жер салыгы жана кирешелер салыгы боюнча тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү;

• бардыгы ачык-айкын болушу шарт, каражаттар жергиликтүү бюджетке түшүп туруусу абзел;

• коррупциялык схемаларга аралашкан ар бир адам жумуштан алынат;

• шаардын жана шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн талыкпастан кызуу иштөө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: