Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитет тоо кен тармагынын учурдагы абалы тууралуу маалымат алды – ИА Караван Инфо
Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитет тоо кен тармагынын учурдагы абалы тууралуу маалымат алды

Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасындагы тоо кен тармагынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечек пландары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы угулду.

Аталган маселе боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө төмөнкүдөй өлчөмдөгү пайдалуу кендердин запастары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик балансында саналып, эсепке алынган:

Талкуу маалында депутат Мирлан Самыйкожо жер казынасын чалгындоого жана иштетүүгө берилген лицензиялардын санына, ошондой эле бул багытта келип түшкөн салыктык жана салыктык эмес кирешелердин көлөмүнө кызыкты. Баяндамачы учурда 2097 лицензия бар экенин, анын ичинде 141 лицензия 2024-жылы берилгенин маалымдады.

«Салыктык кирешелер 41,5 миллиард сомду түзүп, анын ичинен 428 миллион сом – салыктык эмес кирешелер», – деди.

Ал эми эл өкүлү Замирбек Мамасадыков уулуу өнөр жай калдыктарын башкаруу, аларды утилдештирүү жана кайра иштетүү маселелерине көңүл бурса, депутат Чингиз Айдарбеков да өнөр жай ишканалары тарабынан экологиялык талаптарды сактоо маселесине токтолду. Айрыкча, Аламүдүн районунун Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында кум-шагыл аралашмасын иштетүү менен алектенген компаниялардын ишинде аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: