Пакистанда кыргыз сүрөтчүлөрүнүн уникалдуу сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өттү – ИА Караван Инфо
Пакистанда кыргыз сүрөтчүлөрүнүн уникалдуу сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өттү

2025-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы (ПИР) Элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын Улуттук китепканасында “Маданий ынтымакка көмөктөшүү: экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы анын ар түрдүүлүгүн сактоо” деген темада өткөн эл аралык семинарга катышты.

Элчи А.Атаханов өз сөзүндө Кыргызстандын маданий-гуманитардык чөйрөдөгү негизги жетишкендиктерин баса белгилеп, биомаданий ар түрдүүлүктү сактоо, «тоо» стратегиясын ишке ашыруу жана ак илбирсти коргоо боюнча демилгелерге токтолду. Ал ошондой эле маданияттар аралык диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын талкууланып жаткан маселелер боюнча эл аралык кызматташууга ачыктыгын жана бул багыттагы эл аралык демилгелерди колдоого даяр экендигин баса белгиледи. Элчи ЭКУ өлкөлөрүнүн улуттук тилдерин колдоо жана үйрөнүү элдердин маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү үчүн эң сонун аянтча боло алат деген оюн билдирди.

Иш-чаранын алкагында Элчи ПИРнын Улуттук китепканасынын директору Р.Ж. Икбал жана ЭКУ Маданият институтунун президенти С. Хан менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мындан тышкары, Элчилик тарабынан ПИРнын Улуттук сүрөт галереясында семинардын темасына арналган кыргыз сүрөтчүлөрүнүн уникалдуу сүрөттөрүнүн көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмө 2025-жылдын 14-январына чейин уланат.

Иш-чарага ПИРнын искусство жана маданият тармагынын, министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын 150дөн ашык өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чара ПИРнын Өкмөтүнүн, Улуттук мурас жана маданият министрлигинин, ЭКУ Маданият институтунун, Пакистандын Тынчтык жана дипломатиялык изилдөөлөр институтунун, ошондой эле ЭКУнун дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын демилгеси менен өткөрүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: