Кыргызстан уран калдыктарысыз мамлекетке айланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 3-Элдик курултайдын жүрүшүндө билдирди.
Делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып, президент Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы уран калдыктарына байланышкан маселеге токтолду. Учурда ӨКМ орусиялык “Росатом” компаниясы менен биргеликте рекультивациялоо жумуштары жүрүп жатканын билдирди.
“Союз мезгилинде сайдын жээгине, кооптуу жерлерге жайгаштырып коюшкан уран калдыктарын рекультивациялоо менен мындан ары уранды унутабыз. Кыргызстан уран калдыктарысыз мамлекетке айланат”, – деди президент.
Курултайда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Миң-Куштагы иштер келерки жылдын апрелине чейин уланарына жана Россия Федерациясы тарабынан уран калдыктарынан арылуу үчүн жаңы долбоорго 2 млрд 141 млн рубль бөлүнгөнүн белгиледи.
Маалымат катары: Быйыл Миң-Куш айылындагы уран калдык сактоочу жайларын рекультивациялоо жумуштары аягына чыгууда. Ал эми Майлу-Суу шаарына жалпы грант түрүндө 23 млн евро бөлүнүп, 16 объектиде зыянсыздандыруу жумуштары башталган. Быйылкы жылдын планына ылайык 2 объектиде 80 пайыз жумуш аткарылып, 4 объектини көчүрүүгө даярдалууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/