Республика боюнча 918 000 бала эмдөөдөн өткөн – ИА Караван Инфо
Республика боюнча 918 000 бала эмдөөдөн өткөн

2025-жылдын 16-январында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаеванын жана Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду.

Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, кызамыктын, кызылчанын, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун чыгышына жооп катары жүргүзүлгөн эмдөө боюнча өнөктүктөргө мониторинг талкууланды.

Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада кошумча жана тазалоочу эмдөөнүн үч баскычы өткөрүлгөн. Республика боюнча 918 000 бала жана 29 258 саламаттык сактоо системасынын кызматкери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери эмдөөдөн өткөн.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды.

Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: