Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча 2025-жылдын 1-аптасына (30.12.24-01.05.25) республикада КРВИ – 4245 учуру жана 16 сасык тумоонун учуру катталган (и.к. 60,0), өткөн жумага салыштырмалуу (52-жума ИК 116,1) 1,9 эсеге төмөн.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга күзөтчү көзөмөл жүргүзүү улантылууда.
Октябрдан баштап (2024-жылдын 40-жумасынан 2025-жылдын 1-жумасына чейин) 1207 үлгү алынган, анын ичинде сасык тумоонун А түрүнүн (Н1N1 (2009) – 71 учур, Н3N2- 1), сасык тумоонун В түрү – 8,4% (8 учур), COVID-19 – 15,8% (15 учур) лабораториялык изилдөөдө жыйынтыгы оң экендиги такталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/