2025-жылдын 10-январында ИИМдин Республикалык окуу борборунун 12 ай ичинде аткарган ишмердүүлүгү боюнча жыл жыйынтыгы чыгарылды.
Жыйынга Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Борбордун башчысы милициянын полковниги Бакыт Дубанаев жана өздүк курам катышты.
Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө Борбордун башчысы милициянын полковниги Бакыт Дубанаев 2024-жылдагы Борбордун аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү, санариптештирүү алкагында жүрүп жаткан иштери, жетишкендиктери жана алдыга койгон мерчемдери боюнча маалымат берди.
Республикалык окуу борбордун базасында заманбап үлгүсүндөгү музейдин бет ачары дагы болуп, жаңы ачылган музейден тарыхый маалыматтар айтылды. Ошондой эле милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабировдун 100 жылдыгы жана Борбордун ишмердүүлүгү боюнча тартылган тасмалар көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө борбордун ичинде жаңы ачылган ар бир окутуу багыттары боюнча жасалгаланган атайын адистештирилген 14 борбор менен тааныштыруу экскурсиясы дагы жүргүзүлдү.
Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов өз сөзүндө, Ички иштер органдарына сапаттуу кадрларды даярдоо, элдин милицияга болгон ишеничин арттырып, милиция кызматкерлеринин аброюн кѳтѳрүү жана кызматкерлердин тарбиялык жана адеп-ахлактык абалын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн баса белгилеп кетти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/