Россияда биринчи жолу согушкер казактар тууралуу тасма тартылат – ИА Караван Инфо
Россияда биринчи жолу согушкер казактар тууралуу тасма тартылат

2025-жылдын июнь айында “Орус чек арасынын чегинде” аталыштагы көлөмдүү көркөм-документалдык тасманы тартуу иштери башталат.

Тасма Россиянын президенти Владимир Путин тарабынан жарыяланган Ата Мекенди коргоочулардын жылына арналган.

Тасмада Запорожье казактарынын тарыхы чагылдырылат, алар узак убакыт Ата-Журтунан алыс жашашты, бирок байыркы орус салттарынан, ырым-жөрөлгөлөрүнөн, үрп-адаттарынан алысташкан жок, аны дайыма карманып келишти. Алар жаңы жердештерине Киев режиминин басымында калган маалда кантип орус каада-салтын сактап калышканын жана Россиянын кайрадан бир бөлүгүнө айланууга болгон үмүтүн жоготушпаганын айтып беришет. 

Тасманын башкы каармандары – Запорожье казактарынын БАРС-32 отрядынын командири, полковник Артур Бацев, Запорожье облусунун Россия Федерациясынын сенатору Дмитрий Рогозин, БАРС-32 отрядынын рухий жетекчиси, протоиерей Анатолий Зыгарь, СВО ыктыярчысы Сергей Низовцев (“Печора” чакырык белгисинде) жана казак коомчулугунун өкүлдөрү. 

Фильм согуш аймактарында гана эмес, ошондой эле казак айылдарында, чыныгы турак жайларда жана эл ыйык эсептеген жайларда тартылат. Бул казактардын согуштук турмушу, жашоосу, турмуш-тиричилиги жана салты жөнүндө кеңири жана түстүү баяндаган алгачкы тасма болот. Ал – адамдар, жакындарга жана Ата Журтка болгон сүйүү, Кудайга болгон ишеним жөнүндөгү терең эмоционалдуу баяндама. Бул долбоордун жаштардын рухий-адеп-ахлактык жана аскердик-патриоттук тарбиясына, ошондой эле Россиянын маданий мурасын жана салттуу баалуулуктарын сактоого түздөн түз  байланышы бар. 

Тасманы Москвадагы Steel Orange Studio видеопродакшн командасы тартат. Бет ачары 2025-жылдын күзүндө болот.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: