“Российская газета” менен “Кыргыз Туусу” кызматташат – ИА Караван Инфо
“Российская газета” менен “Кыргыз Туусу” кызматташат

“Российская газета” менен “Кыргыз Туусу” кызматташат. Бул тууралуу аталган редакциядан кабарлашты.

Кызматташуу боюнча меморандумга “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов менен Россиянын “Российская газета” редакциясынын директору Дмитрий Евлашков кол койду.

Бул макулдашуу эки өлкөнүн мамлекеттик маалымат саясатын жүргүзгөн гезиттердин өз ара кызматташуусуна жол ачып, болуп жаткан окуяларды эки тараптуу форматта ыкчам жана объективдүү чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындай эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык стратегиялык өнөктөш мамлекеттердин мамлекеттик маалымат саясатын жүргүзүүдө өзгөчө орунду ээлеп, эки элдин түбөлүк достугуна, ынтымагына кызмат кылат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: