Руслан Казакбаев Кыргызстандын Албаниядагы, Түндүк Македониядагы жана Черногориядагы элчиси болду
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркиядагы жана Израиль Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Казакбаев Руслан Айтбаевич Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Албания Республикасындагы, Түндүк Македония Республикасындагы жана Черногориядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/