Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков Австриянын “Евразия үчүн эркиндик” (FFE) уюмун Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырды.
“26-январда Беларусь Республикасында президенттик шайлоо өттү. Ага Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси жана Жогорку Кеңештин депутаттары байкоочу катары катышты. Бирок, Австриянын “Евразия үчүн эркиндик” уюму бул аракетти сынга алып, “демократиялык принциптерди жана эл аралык нормаларды ачыктан ачык этибарга албагандык” – деп жазып чыгышты. Ошентип алар эл аралык байланыштарыбызга да өз алдынча баа берип жатышат. Муну биздин өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү деп эсептейм. Бул көрүнүш туура эмес. Кыргызстандын саясатын мамлекет башчысы жана элибиз аныктайт. Андыктан, Тышкы иштер министрлиги бул боюнча тез арада реакция кылышы керек. Биздин ички саясатка кийлигишүүгө алардын укугу жок”, – деди депутат Сүйүнбек Өмүрзаков.
Эскерте кетсек, “Евразия үчүн эркиндик” (FFE) уюму Беларусь Республикасында өткөн президенттик шайлоого байкоочу катары барган Кыргызстандын өкүлдөрүн айыптап, аларга санкция салууга чакырган билдирүү тараткан.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/