Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы кабыл алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда билдирди.
Анын айтымында, бул программанын кабыл алынышы өлкө тарыхында жаңы барак ачат.
Мамлекет башчысы 2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасы төрт негизги багытты камтыганын белгиледи:
- Индустриялаштыруу.
- Өлкөнү логистикалык борборго айландыруу.
- Айыл чарбасын жана туризмди модернизациялоо.
- "Жашыл" экономиканы өнүктүрүү.
"Индустриялаштыруу аркылуу биз өнөр жай өндүрүшүн эки эсеге көбөйтүүнү пландап жатабыз. Региондордо өнөр жай технологиялык парктары түзүлүп, ири өндүрүш жайлары курулат. Транспорттук жана логистикалык хабды түзүү үчүн жаңы темир жолдорду жана автомобиль жолдорун, логистикалык борборлорду жана кампа комплекстерин куруу керек. Жүк ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлүп, административдик тоскоолдуктар жок кылынат. Айыл чарбасы жогорку технологиялык деңгээлге жетип, экономиканын кирешелүү тармагына айланат. Максат – кайра иштетүүнү эки эсеге көбөйтүү, азык-түлүк товарлары менен өзүн-өзү камсыздоого жетишүү жана экспортту көбөйтүү", – деди президент.
Ошондой эле ал туризм эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап жана кирешелүү тармакка айланаарын белгиледи. Божомолдорго ылайык, 2030-жылга чейин туризм ИДПнын 7% түзөт жана Кыргызстан дүйнөдөгү эң мыкты 50 туристтик багыттын катарына кирет.
2025-жылдын 25-декабры, саат 8:09:23

