Садыр Жапаров: Молдолор 20 миң сомго жакын айлык ала башташат – ИА Караван Инфо
Садыр Жапаров: Молдолор 20 миң сомго жакын айлык ала башташат

Келе жаткан жылдын март айында ар бир айылдын молдосуна 8 миң сомдон бериле баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине берген маегинде айтты. 

Анын айтуусуна таянсак, ал эми жылдын аягына барып ар бир айылдын молдосу 20 миң сомго жакын айлык ала башташат.

“Бул каражаттар бюджеттик каражаттар эмес. Мурда муфтият тараптан көңүл бурулбаган каражат булактарын мечиттер тарапка, тагыраагы молдолорго буруп берүү жагына жардам берип жатабыз”, – деди. 

Президент журналисттин суроосуна жооп берип жатып, светтик өлкө катары мамлекет динге кийлигишпей тургандыгын кыйытты. 

“Дин тармагы мамлекеттик иштерге кийлигишпейт. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен акча каражатын бөлүп бере албайбыз. Бирок биз, мамлекет, колубуздан келишинче башка маселелерде муфтиятка жардам берүүгө даярбыз. Мисалы, келе жаткан жылы ар бир мечитке электрондук жашик орнотуп беребиз. Мурдагыдай садака салчу жыгач, темир жашиктер жок болот. Садаканы электрондук QR-код аркылуу телефон менен эле салып койсо болот. Акча түздөн-түз муфтияттын банктык эсебине келип түшөт. Ал акчалар кайда жумшалаарын муфтият менен Аалымдар кеңеши өздөрү чечет”, – деп кошумчалады Садыр Жапаров. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: