Бүгүн, 2025-жылдын 6-февралында, КР Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда аудитор Раматилаев Азамат 2023-жылдын Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринин бюджетинин аткарылышы боюнча шайкештик аудитинин жыйынтыктарын баяндады.
Аудитор Саламаттык сактоо министрлиги жана анын ведомстволук мекемелеринде эмгек акы төлөө, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, товардык материалдык баалулуктардын эсебинин толуктугун камсыздоо жана башка иштеринде олуттуу шайкеш келбестиктер орун алганын белгиледи.
Ал эми 819 735,5 миң сом каржылык бузуулардын ичинен 114 452,0 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 111 157,3 миң сом же 97,12% калыбына келтирилген.
Отчет Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда бекитилип, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жазма буйрук жана сунуштама жиберилди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/