Салык кызматы контрафакттык сагыздарды жок кылды – ИА Караван Инфо
Салык кызматы контрафакттык сагыздарды жок кылды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 90 миң куту “ORBIT” контрафакттык сагызын жок кылышты.

Жок кылуу процесси ведомстволор аралык комиссиянын, ошондой эле “ORBIT” товардык белгисинин укук ээлеринин катышуусунда өттү. Соттун чечимине ылайык, контрафакттык продукция Бишкек шаарына жакын таштанды төгүүчү жайлардын биринде, атайын меште (инсинератор) өрттөө жолу менен жок кылынды.

Эскерте кетсек, контрафакттык продукция Бишкектеги базарлардын биринен тартылып алынган.

Салык кызматы Кыргыз Республикасынын аймагындагы эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча иштерди улантат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: