Салык кызматынын мурдагы төрагасынын абактагы мөөнөтү узартылды
Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповдун абактагы мөөнөтү узартылды.
Биринчи май райондук сотунан кабарлашкандай, ал 2025-жылдын 5-мартына чейин темир тор артында болот.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын декабрында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалган.
УКМКнын маалыматына таянсак, тергөөнүн жүрүшүндө алардын акциздик продукцияларды (алкоголдук жана кант камтыган продукция, тамеки буюмдарын) өндүрүү, импорттоо жана сатууга тиешеси бар экендиги аныкталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/