Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын улук инспектору К.С.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал МСК системасындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө 29-сентябрда кармалган.
Тактап айтканда, К.С.А. “Л.Н.” ЖЧКсы (Ош шаарында катталган) ишкердик субъектисине карата салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын жасалма түрдө жогорулатып жиберген жана салык милдеттенмелерин кыскартуу максатында 10 000 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап алгандыгы аныкталган.
Кылмыш ишинин алкагында КР ФМ караштуу МСКнын улук инспектору К.С.А. кармалып, андан ары тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мындан тышкары, КМамлекеттик салык кызматынын кылмыш ишине тиешеси бар жооптуу кызматкерлерин аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.