Сауд Аравия Кыргызстан менен бардык багытта кызматташууга кызыкдар – ИА Караван Инфо
Сауд Аравия Кыргызстан менен бардык багытта кызматташууга кызыкдар

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль Радини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы талкууланып, тараптар парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери боюнча да пикир алмашты.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан үчүн Сауд Арабия Падышалыгы негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин белгилеп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн кошумчалады.

“Азыркы тапта Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жалпы суммасы 330 млн долларга бааланган сегиз долбоор ишке ашырылууда. Бирок бул чек эмес. Алакаларды арттыруу багытындагы мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө көп. Айрыкча туризм, энергетика өңдүү артыкчылыктуу тармактардагы байланыштарды дагы кеңейтип, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүбүз кажет” – деди төрага.

Ошондой эле алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын да ролу чоң экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Сауд Арабия Падышалыгынын Аш-Шура Мажлисинин ортосундагы байланыштарды кеңейтүү жаатындагы ойлору менен бөлүштү.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Ибрахим бин Ради Аль Ради Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасап жатканы иштери тууралуу учкай маалымат берип, ишке ашырылып жаткан социалдык-экономикалык долбоорлорго токтолду.

“Биздин өлкө Кыргызстан менен бардык багытта кызматташууга кызыкдар. Айрыкча жарандарыбыз өлкөңүздөрдүн кооз жаратылышын көрүүгө ынтызар. Буга байланыштуу акыркы жылдары кыргыз жерине келген туристтердин саны көбөйүп, соода-экономикалык байланыштарыбыз да жакшырып барат”, – деди элчи.

Муну менен катар соңку жылдары түрдүү деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарлар байма-бай уюштурулганын белгилеген Ибрахим бин Ради Аль Ради Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун да Сауд Арабия Падышалыгына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: