Шахмат боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өттү
Үстүбүздөгү жылдын 2-11-январь күндөрү Ломоносов атындагы билим берүү борборунда шахмат боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 535 спортчу катышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/